Бүгүн, 18-ноябрда өлкө боюнча президенттик шайлоого даярдыктын алкагында шайлоо инфраструктурасын тестирлөө жүрүүдө.
Борбордук шайлоо комитти билдиргендей, тестирлөөнүн негизги максаты шайлоо инфраструктурасынын жана техникалык жабдуулардын алдыдагы президенттик шайлоого даярдыгын текшерүү.
Иш-чара 2 492 шайлоо участогун жана Бишкектеги “Дордой Плаза” соода борборундагы аралыктан добуш берүү участогун камтыйт.



