7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жергиликтүү кеңештин жыйынтыгын «Ак-Батадан» башка партиялар таанышат

818

Аймактык шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-майда 11-апрелде болуп өткөн Жергиликтүү кеңешке шайлоонун жыйынтыгын карап жатат.

Кечээ, 7-майда «Ак-Бата» саясий партиясынын лидери Нариман Түлеев БШКдан «Эмгек» партиясын шайлоо өнөктүгүнөн четтетүүнү талап кылган билирүүсун тараткан. Анда ал «Мен БГКдагы шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылышын, кайрадан шайлоо жарыяланып, ага Эмгек партиясынын катышуусуна жол бербөөнү талап кылам. «Ак Бата» саясий партиясы кайрадан шайлоого катышууга даяр. Эгер БШК бул жолу «Эмгек» партиясына каршы эч кандай чара көрбөсө, «Ак Бата» партиясы Бишкек шаардык кеңешиндеги мандаттардан баш тартат», — деген пикирин билдирген болчу.

Бирок, бүгүнкү күндө «Ак-Бата» партиясынан башка партиялар шайлоонун жыйынтыгын таанышат жана кайрадан шайлоо өткөрүүгө каршы. Алардын ичинде «Биздин Эл», «Эмгек» жана «Ата-Журт — Кыргызстан» партиялары бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

819