7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түлеевдин мандаттан баш тартуу талабы «саясий популисттик аракет» деп бааланды

935

Бүгүн, 8-майда Аймактык шайлоо комиссиясы 11-апрелде өткөн Жергиликтүү кеңештин жыйынтыгын карап жатат. Буга чейин «Ак-Бата» партиясынын лидери Нариман Түлеев «Эмгек» партиясынын жыйынтыгын жокко чыгарбаса биз мандаттан баш тартабыз деген пикирин тараткан болчу.

Мыйзам боюнча мандаттан баш тартуу үчүн ар бир талапкер БШКга арыз менен кайрылуусу керек.  Ал эми партиянын чечими шайлоодон 3 күн өткөндөн кийин жазылууга тийиш.

Ага карай «Биздин Эл» партиясынын өкүлү Асыл Сасыбаева: «Биздин партия тараптан андай арыз жазылган жок. Биз БШКнын чечими кандай болсо ошого макулбуз, созуп жүрө бере турган убак эмес, жыйынтышташ керек», — деген пикирин билдирди.

Ал эми «Эмгек» партиясынын өкүлү Жаныбек Абиров Нариман Тулеевдин (Ак-Бата партиясынын лидери) акыркы кадамын сынга алды. Өз маалында, шайлоодон кийин 3 күн аралыгында арыз жазбай, эми мандаттан баш тартам дегени саясий шоу болуп калды деген пикирин билдирди.

Ошондой эле, билдирүүнү саясий популисттик аракет деп баалады.

«БШК эгер кайрадан шайлоо өткөрүү чечимин чыгарса шайлоо өнөктүгүндө ат салышууга даярбыз. Бул Бишкек үчүн 100 миллиондогон каражатты талап кылат, экономикалык кризис маалында бул элге ашыкча эле жүк болот. Эгерде БШКнын чечими күчүндө калса биз каршы эмеспиз», — дейт ал.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

936