Өзбекстандын коргоо министрлиги АКШнын аскердик базасы өлкө аймагына кириши мүмкүн деген божомолго карата жооп кайтарды.
Маалыматка ылайык, АКШнын аскердик базасы Өзбекстандын аймагына отурукташуусу мүмкүн эмес. Бул өлкөнүн конституциясына жана коргонуу доктринасына карама каршы келет.
«Коргоо жаатындагы фундаменталдык документтерде бул суроолорго так жана даана жооптор бар — өлкө аймагына чет элдик аскер базаларын жана объектилерин киргизбөө”, — деди Өзбекстандын Коргоо министрлигинин өкүлү.
Департаменттин өкүлү ошондой эле Өзбекстандын коргонуу саясаты өлкөнүн куралдуу күчтөрүн чет өлкөлөрдөгү аскердик чыр-чатактарга катышпоо принцибинде негизделгенин кошумчалады.
Эске салсак, мурдараак The Wall Street Journal журналы, АКШ Ооганстандан чыгарылып жаткан аскердик базасын борбор Азиядагы бир өлкөгө киргизүүнү карап жатканын, бул өлкөлөр кайра эле өөганстан менен чектеш Тажикстан же өзбекстан болушу мүмкүндүгүн жазып чыккан.