7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аспеков жабырлануучунун күйөөсүн түрмөдөн чыгарып берем деп, батирин аялына каттаткан

1965

Жабырлануучунун кайрылуусунун негизинде М.Аспековго карата алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки иш козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКга Б.Л. аттуу жарандан жана анын кызынан эки арыз келип түшкөн. Биринчи арыз ээсинин айтымында, Аспеков анын тууганын түрмөдөн чыгарам деп, андан 15000 доллар алган. Экинчи арыз ээсинен күйөөсүн түрмөдөн чыгарам деп, батирин алган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал батирди жубайы М.Н.га каттаткан.

Аталган иштин негизинде, КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) кылмыш белгилери боюнча М.Аспековго карата сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бишкек шаардык Биринчи-Май райондук сотунун чечими менен А.Аспеков Адилет министрилигинин алдындагы Мамлекеттик жазаны аткаруу кызматы №21-мекемесине кармоо түрүндө баш коргоо чарасы каралган.

Кыргыз Республикасынын УКМК М.Аспековдун мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган бардык жабырлануучулардан Жибек-Жолу проспектиси 322 дарегиндеги коомдук кабылдамага УКМКнын Нөөмөт кызматынын 0312 660475 телефонуна кайрылууну суранат.

Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Эскерте кетсек,тергөөнүн алкагында М.Аспековдун дагы башка ушул сыяктуу алдамчылык фактыларына катыштыгы бар экендиги текшерилүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1966