7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тоолуу Карабакта мина жарылып, эки журналист мерт болду

4490

Тоолуу Карабакта мина жарылып, эки азербайжандык журналист жана бир жергиликтүү аткаминер каза болду. Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мина Калчабар районунда жарылган. Каза болгон Сирак Абисов мамлекеттик AzTV телеканалынын журналисти, ал эми Магеррам Ибрагимов AzerTag мамлекеттик агенттигинин кызматкери эле. Жардыруудан жергиликтүү аткаминер көз жумуп, дагы төрт адам жарадар болду.

Белгилей кетсек, эки апта мурда чек арада ок атылып, тараптар бири-бирин айыпташкан. Андан бери миналардын жарылышынан 15  турган мерт кетип, жүздөн ашууну жараат алышкан. Тоолуу Карабак мурдагы Советтер Союзунун аймагында эң көп мина коюлган жер катары саналат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4491