Бүгүн, Бишкектеги Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштун башталганынын 80 жылдыгына байланыштуу эскерүү иш чарасы өтөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, согушка (1941-1945-жж.) Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанган. Алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган, 56 миңден көбү дайынсыз жоголгон.
Белгилей кетсек, баатырдыгы жана эрдиги үчүн 150 миңден ашуун жоокер жана командирлер орден, медалдар менен сыйланган. 22 жоокер “Даңк” орденинин толук кавалери болгон. 73 жоокерге Советтер Союзунун Баатыры деген эң жогорку наам ыйгарылган.