7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова Олимпиада оюндарына жолдомо алды

852

Ок атуу боюнча Кыргызстандын курамасынын мүчөсү Каныкей Кубанычбекова Токиодо өтө турган жайкы XXXII Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды. Бул тууралуу жаштир иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, кыз-келиндер арасында ок атуу боюнча (10 метрден пневматикалык мылтыктан атуу) онлайн жана оффлайн форматындагы эл аралык мелдештердин жыйынтыгында белгилү болду. Ал Казакстан, Индия, Кувейт, Азербайжандагы мелдештердеги рейтингде ортодон жогорку жыйынтык көрсөтүп, Олимпиадага жолдомо утуп алды.

Эскерте кетсек, Токиодо өтө турчу XXXII жайкы Олимпиада оюндарына буга чейин Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков (грек-рим күрөшү), Эрназар Акматалиев (эркин күрөш), Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү), Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая (жеңил атлетика), Денис Петрашов (сууда сүзүү), Роман Петров (фехтование) жана Бакдөөлөт Расулбеков (оор атлетика) лицензия алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

853