7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тыюу салынган экстремисттик уюмдун материалдарын инстаграм баракчасына таркатып жүргөн

618

Ноокат районунда тыюу салынган экстремисттик уюмдун материалдарын таркатып жүргөн жаран кармалды.Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-июнь күнү Ноокат шаарынын тургуну 26 жаштагы Р. уулу Х. өзүнүн «Инстаграмм» социалдык тармагындагы өздүк баракчасы аркылуу КРнын аймагында тыюу салынган диний экстремисттик уюмдун видео жана аудио жазууларын сактап, таркатып жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты Жазык Кодексинин 315-беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, алынган аудио, видео материалдар боюнча тергөө кызматы тарабынан эксперизалар дайындалган.

Экспертизанын жыйынтыгы менен Кыргызстандын аймагында тыюу салынган экстермисттик уюмдарга таандык материал деп таанылып, кылмышка шектүү 2021-жылдын 30-июнь күнү ЖПКнын 98-беренеси менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Башка кылмыштарын аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

619