7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркия элчиси Инандыны түрк жараны катары тааный турганын айткан. Кыргыз бийлиги ага нота берди

1073

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 6-июлда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмат Доган КРнын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка караганда, Түркиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы КР жараны Орхан Инандыны кармап, Түркия Республикасына жеткирүү боюнча түрк тараптын операция жүргүзүүсүнө байланышуу нота берилди.

Кыргыз тарап эл аралык, анын ичинде адам укуктары менен эркиндиктерин урматтоо жаатындагы Адам укуктарынын жалпы декларациясында, ошондой эле жарандык жана саясий укуктар жана башка документтерде көрсөтүлгөн укуктун негизги принциптерин жана ченемдерин одоно бузган мындай аракеттерге жол берилбестигин баса белгиледи.

Кыргыз тарап түрк тарапты О.Инандыны Кыргыз Республикасына берүүгө жана ага туура мамиле жасоону камсыздоо жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык, ага каршы зомбулук жана кадыр-баркын басмырлаган аракеттерди колдонбоо үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүүгө чакырды.

Өз кезегинде элчи А.Доган О.Инанды Түрк Республикасынын жараны экенин жана аны түрк жараны катары гана тааный турганын белгиледи. Муну менен катар ал түрк тарап аталган операциянын КРнын аймагында жүргүзүлө тургандыгы тууралуу билдирбегенин белгиледи.

КР ТИМи Орхан Инандыны Кыргызстанга кайтаруу жана КР Конституциясына жана эл аралык укуктук нормаларга ылайык анын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоого бардык күчүн жумшайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1074