7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: 6 ай ичинде каржы пирамидасына байланыштуу 906 арыз түштү, сак болгула!

653

Жыл башынан бери каржы пирамидасына алданган 906 факт катталган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлап, коомчулукту алданып калуудан сак болууга чакырат.

Арыз менен кайрылгандардын көпчүлүгү Ысык-Көл облусунан 889 факт, Ош шаарынан 16 учур, Баткенден 1, Таластан 3. 

Келип түшкөн 906 арыздын 875и сотко өткөрүлүп, бир иш токтотулган.  Алдамчылар тарабынан келтирилген чыгым 34 млн 731 миң 331 сом. 

«Эгер  сизге да кимдир бирөө оңой жол менен чоң суммада каражат табуу жолун сунуштаса, ишенбеңиз! Адатта каржы пирамидасында иштегендер  манипулятор, психолог болушат жана эмоционалдык атака жасашат. Мындай ишмердүулүккө мыйзам жол бербейт», -деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

654