7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиялыктарга КР жарандыгын мыйзамсыз берүүгө шектелип Дүйшөн Сатыбалдиев кармалды

2263

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин мурунку башчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө учурунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Кыргыз Республикасынын жарандыгын Турция жарандарына берүү боюнча түзүлгөн коррупциялык схема  аныкталган. Жазык-процесстик кодексинин 98 жана 99-беренелерине ылайык, Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин мурдагы төрагасы С.Д. кармалып, Бишкек ш.ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда жасалган кылмышка тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө иштери жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

Дүйшөн Сатыбалдиев  2013-жылдын июнунда Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору болгон. Бул кызматтан 2015-жыл бошотулган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2264