12-июлга караган түнү өлкөнүн баардык аймактарына Кытайдан келген 1 млн 250 миң «Синофарм» вакцинасы жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
«Аймактарга бөлүштүрүү жергиликтүү тургундардын санына карата каралды. Өлкө боюнча 747 эмдөө пункту ачылып, бүгүн 12-июлдан иштеп баштады«, -дейт министр Бейшеналиев бүгүн эртелеп, радиого берген маегинде.
Маалыматка ылайык, эмдөө пунктары клиника, кинотеатр жана башка коммерциялык имараттарда дагы ачылат.
Эске салсак, ушул күнгө чейин өлкө боюнча жалпы 130 миң адам эмдөөдөн өткөн. Министрлик күзгө чейин 1 млн 250 миң жаранга вакцина берүүнү пландоодо.