7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Япония дүйнө боюнча мамлекеттик карызы эң көп өлкө катары аталды

1332

Япония дүйнө боюнча мамлекеттик карызы эң көп өлкө катары аталды. Бул тууралуу маалыматты РИА Новости маалымат сайты Стратегиялык иштеп чыгуулар институтунун инвестициялык анализ жана макроэкономикалык изилдөө борборунун жетекчиси Даниил Наметкинге шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Карызынын көлөмү боюнча кийинки орундарда Улуу Британия, АКШ жана Еврозона (евро валютасын колдонгон өлкөлөр) турат.

Эксперттин айтымында, Япониянын мамлекеттик карызынын суммасы өлкөнүн ички дүң продукциясынан 234 пайызга көп. Ал эми Улуу Британияныкы 144 пайызга, АКШныкы 160 пайызга, Еврозонаныкы 120,4 пайызга көп.

Ошондой эле ал коронавирустук кризистен улам макроэкономикалык шарттар начарлап кетсе дүйнөлүк банктар каржы системасындагы туруктуулукту сактоо үчүн рыноктун өзгөрүшүнө карап адаттан тыш кадамдарга барууга даяр экенин көрсөткөнүн белгилеген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1333