7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте аба ырайы 49 градуска жетти, Кыргызгидромеддин жообу

5637

Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде жайгашкан термометрдин көрсөткүчү +49га жетти.  Шаар тургундары анын сүрөтүн интернет желесинде бөлүшүп жатат.

Эске салсак буга чейин Кыргызгидромед анамалдуу ысык болоорун кабарлаган. Бирок, абанын температурасы 40 -41 градуска чейин гана  болоорун эскерткен болчу.

Кыргызгидромет агенттиги, дубалда турган термометрдеги 49 градус жалпы абанын көрсөткүчү эместигин айтып, жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат. 

Анткени унаадагы, «Дубалдардагы жеке термометрлер аны кармоо шартына байланыштуу жогорку температуна көрсөтүшү мүмкүн, себеби дубалдар жана унаалар ысык тартат» -деп билдирет.

Метеорологдор абанын температурасын ченөө үчүн термометрлерди ысыбаган жыгач устундарда колдонушат.

Кыргызгидромет бүгүн, 26-июль Бишкекте +40 болорун, 3 сааттан 6 саатка чейинки аралыкта абанын температурасы +41ге чейин жетерин белгилеген.

«Рекорддук температура 1983-жылы 16-июлда катталган, анда ,43 градусту көрсөткөн. Аталган рекорддук температура жаңылана элек. Ошондой эле 2018 жана 2019-жылдары дагы Бишкекте +41градус катталган»,-деп белгиледи метерология кызматынан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5638