Түндө, Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу тилкесинде жол эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
«Төө-Ашууда кардын калыңдыгы беш сантиметрдей. Машинелер үчүн эки тараптуу кыймыл толук ачылды. Айдоочуларга кышкы дөңгөлөктөр менен жолго чыгып, этият болуусун эскертебиз»,-дейт Кыял Курганбаев .
Эскерте кетсек, буга чейин 10-октябрь түштөн мурда калың жааган кардан улам аталган ашууда кыймыл убактылуу токтотулган.