Маалыматка ылайык, Баңги затка каршы күрөшүү кызматкерлери атайын соода кылышып, 2 килограмм 130 грамм баңги затын сатып алышкан.
«Кара куурай өстүрүүгө шектүү 1960-жылы туулган К.А. экени аныкталды. Ал жашаган үйгө тинтүү жүргүзүлгөн. Шектүү өз эрки менен 1 килограмм 700 грамм кара куурайды берип, андан тышкары короосундагы куурайды көрсөткөн. Кара куурайдын салмагы 149 килограмм 78 граммды түздү. Ал эми шектүү үй камагына чыккан»,-деп берилет маалыматта.
Эскерте кетсек, шектүү үйүн ижарага берип, анда аял, балдары менен жашап жүргөн. Батирде жашаган балдар милиция кызматкерлерине маалымат беришип, досторуна кара куурайды акчага жулууга Саша байкеси уруксат бергендигин айткан.
