10-октябрдан бери изделип жаткан жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-октябрь күнү саат 21:50 чамасында ӨКМге Биринчи Май району, Н.Исанов көчөсүндө Чоң Чүй каналында белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучу тартылып, суудан 10-октябрь күнү Ч.Валиханов көчөсүндөгү каналга түшүп кеткен (1986-ж.т. С.Т.) аттуу эркек кишинин жансыз денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Жогору аталган жарандын жансыз денесинин өздүгү туугандары тарабынан тастыкталды.