Бүгүн, шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча прокуратура органдарына үч арыз түшкөн. Бул тууралуу Башкы прокуратура башкармалыгынын башчысы Мирлан Майтпасов брифингде билдирди.
“Анын ичинен бирөө талапкердин соттолгондугу боюнча келген. Ал тастыкталган жок. Экинчиси добуш сатып алуу боюнча түшкөн, ал дагы аныкталган жок. Үчүнчү админресурс, аны текшерүүгө ИИМге жибердик”, — деп билдирди ал.