Нарын облусу боюнча 169 шайлоо тилкесинде 500дөн ашуун милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
«Саат 19:00гө карата Нарын облусунун аймагында шайлоого карата 5 мыйзам бузуу тууралуу маалымат катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүп, кылмыштын курамы аныкталбагандыктан номенклатуралык ишке чыгышталган. Шайлоого байланыштуу одоно мыйзам бузуу фактылары катталган жок. Азыркы учурда облус аймагында коомдук саясий абал туруктуу сакталууда», — деп билдирет басма сөз кызматы.
Шайлоо учурунда мыйзам бузууларга жол берилсе, мыйзам чегинде ыкчам иш алып баруу үчүн атайын документтештирүү тобу түзүлүп, жалпы 100 кызматкер тартылып, жеринде иш алып барышууда.