Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо жараяны жыйынтыкталды. Саат 20:00дө добуш берүү бекеттери жабылып, андан кийинки процедуралар башталды.
Саат 22:00дө кайсы партия канча добуш алганы тууралуу алгачкы расмий маалыматтар чыга баштайт.
Өкмөт буга чейинки парламенттик шайлоодогудай эле бул жолу да добуш берүүнү биометрикалык системанын негизинде уюштурду. Ошондой эле, депутаттардын саны 120дан 90го кыскартылды.
Жалпысынан шайлоо тынч өттү. Шайлоого катышуу үчүн 21 саясий партия катталып, аны менен 1002 талапкер катышууда. Ал эми бир мандаттуу округ боюнча жалпы 282 талапкер шайлоого ат салышууда.
Саат 18:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бирдиктүү округ боюнча 1 млн 50 миң 163 жаран добуш берди. Ал жалпы шайлоочулардын 28,36 пайызын түзөт. Ал эми бир мандаттуу шайлоо округдарында 1 млн 37 миң 373 шайлоочу (28,66%) добуш берди. Чет өлкөлөрдө тизмеге кирген 84 миң 128 жарандын ичинен 6 миң 609 (7,86%) адам өз тандоосун жасады. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 3 млн 703 миң 420, ал эми бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны 3 млн 619 миң 292 түзөт.
Жаңы мыйзамга ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.
Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 282 талапкер ат салышууда.
Шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн жалпы 2 миң 494 шайлоо участогу түзүлүп, анын ичинде 59 шайлоо участогу чет өлкөлөрдө, 2 миң 435 тилкеси өлкө аймагында түзүлгөн.