Эл аралык террористик уюмдун жалдоочусу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 24-ноябрда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны Е.В.В. кармалган.
Тинтүү иштеринин жүрүшүндө кармалган адамдан Макаров Пистолети, 4 даана бычак, 2 даана мобилдик аппарат, чоң көлөмдөгү диний адабияттар, 7 даана банк карталары, террористтик мазмундагы видео-аудио файлдар табылып алынды.
Кармалган адам УКМК тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.