4-декабрга карата коронавирус дагы 63 адамдан аныкталып, 72 адам илдеттен сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, эмдөө албагандар арасында эки бейтап каза болду.
- Бишкек шаарында – 31,
- Чүй облусунда – 12,
- Ош облусунда – 2,
- Ысык-Көл облусунда – 5,
- Жалал-Абад облусунда – 8,
- Баткен облусунда – 5 адамдан илдет жаңы табылган..
Пандемия башталгандан бери 183 миң 573 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 550 киши айыгып чыкса, 2 миң 757 адам каза болду.