7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мелис Турганбаев атаандашы Дастан Бекешевди шайлоодон четтетүүнү өтүндү

1485

Бүгүн, 6-декбрда БШК №28 Октябрь шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Мелис Турганбаевдин атаандашы Дастан Бекешевдин каттоосун жокко чыгаруу боюнча кайрылган өтүнүчүн карады.

Анын айтымында, Дастан Бекешев добуштардын көптүгү боюнча алдыда келе жатканы менен ал административдик ресурсту кыянаттык менен колдонуп, өспүрүм балдарга акы төлөбөстөн үгүт иштерине аралаштырып, шайлоо талаптарын таза аткарган жок.

Буга чейин БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул фактылардын баары каралып, Дастан Бекешевге 7,5 миң сом айып пул салынганын айткан болчу. Кийинчерээк Бишкектин административдик соту БШКнын бул чечимин жокко чыгарган. Ал бир эле мыйзам бузуу боюнча эки жолу жазылган арыз кайра каралбастыгын кошумчалаган.

Ошондой эле Мелис Турганбаев БШКдан добуштарды кайрадан санап чыгуусун талап кылды. Бирок БШК буга карата эч кандай негиз тапкан жок.

Эске сала кетсек, 28-ноябрда парламенттик шайлоо болуп өткөн. Учурда БШКнын алдын ала берген жыйынтыгы боюнча 36 бир мандаттуу талапкер жана 6 партия алдыда келе жатат. Толук жыйынтык кол менен эсептөөнүн натыйжасында чыгат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1486