Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин тууганы ооруканада каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарындагы булактар билдиришкен.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Камчыбек Жолдошбаевдин жээни жана 35 жашта болчу.
«Үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам аялы аны бычактап салган, маркум ооруканага өзүнүн унаасы менен жетүүгө аракет кылган. Саякбай Каралаев көчөсү менен келе жатып жеңил унааны сүзүп, эс-учун жоготкон. Жол кырсыктан оор жаракат алгандар жок. Көп өтпөй аны жакынкы ооруканалардын бирине жеткиришкен, тилекке каршы дарыгердер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Болжол менен көп кан жоготуудан каза болгон», — деп жазылат маалыматта.
Камчыбек Жолдошбаев өзү бул маалымат боюнча комментарий бере элек.