7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиялык ишкерди уурдоого шектелип бир катар кызматкерлер кармалышты

2173

Түркия Республикасынын жараны «С.Д.» аттуу чет элдик ишкерди уурдоо боюнча жүргүзүлгөн кылмыш ишин тергөө учурунда, 3 млн АКШ доллар акча каражатын талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды, бул иштин арасында КР ИИМ кызматкерлери, биздин жарандар жана чет элдик жарандар да бар. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, уурдоонун уюштуруучусу “А.Б.” аттуу жаран — аткаруучуларды таап, даярдык иштерин жүргүзгөн түркиялык ишкердин досу жана бизнес өнөктөшү экени аныкталган. Аталган «С.Д.» Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында учуп келген.

«“Манас” аэропортунан ал С.Д. документтерин текшеребиз деген шылтоо менен кармап, аэропорттун милиция бөлүмүнө алып келишкен. Андан соң тапанча менен коркутуп, бардык (акча, саат, телефон, ноутбук ж.б.) баалуу буюмдарын алып, башына баштык кийгизип жеке менчик үйгө алып барып 5 күн кармашкан. Андан соң уурдагандар (уюштуруучу) «А.Б.»нын катышуусунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, анын жүрүшүндө сатып алууну 400 миң долларга чейин түшүрүшүп, “С.Д.”ны кое беришип, (жасалма түрдө) “А.Б.”ны барымта катары алып калышкан», — деп берилет маалыматта.

Азыркы учурда кылмышка шектүү катары 4 кызматкер кармалды. Алардын арасында ИИМдин жана “Манас” аэропортунун аба транспорт башкармалыгынын башчысы дагы бар. Учурда алар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2174