7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда үч жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

1088
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунунда 21-декабрь күнү Шайдан, Момбеков жана Бүргөндү айыл аймактарында үч жаңы бала бакча пайдаланууга берилди.
Маалыматка ылайык, аталган мекемелердин ачылышына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Таалайбек Ишенбеков баштаган жергиликтүү бийлик жетекчилери жана айыл тургундары катышты.
Шайдан айылындагы №48 жаңы бала бакча 100 орунга, Момбеков айылындагы №49 бала бакча 75, ал эми Бүргөндү айылындагы №28 балдар бакчасы 85 орунга ылайыкташкан. Жаңы мектепке чейинки мекемелерде жалпы 260 орун түзүлүп, балдардын толук кандуу билим алуусунда бардык заманбап шарттар менен камсыздалган. Аларга жалпы 80 миллион сомдон ашуун каражат сарпталып, республикалык бюджет жана райондун өнүктүрүү фондунан каржыланган.
Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, аймакта бир күндө үч жаңы бала бакчанын ачылышы жакшы жетишкендик экенин айтты. Бул аракеттер ата-энелердин түйшүгүн жеңилдетип, өсүп келе жаткан жаш муундардын билим сапатын жогорулатууга салымы чоң болоорун белгиледи. Аны менен бирге ыйгарым укуктуу өкүл, облус аймагында калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү, социалдык объектилерди жакшыртуу иштери колго алынганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Ноокен районунда 145 миңден ашуун калк жашайт. Бүгүнкү күндө аймакты бала бакча менен камсыздоо 44 пайызды түзгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1089