Айдаркенде 61 жаштагы аялды сабаган жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин фейсбук социалдык тармагына тажиктер тарабынан сабалды деп бети-башы көгөргөн аялдын сүрөтү тараган. Баткен ОИИБи бул малыматты четке кагып, окуянын чоо-жайын териштирген. Окуя 18-декабрь күнү болжол менен саат 14:20 чамасына Айдаркен шаарындагы соода базарында болгон.
«Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Сур айылынын тургуну, 30 жаштагы А.Ү. өзүнүн 61 жаштагы чоң энесин (жеңесин) Айдаркен шаарындагы соода базарынан «үйүңүзгө жеткирип коём» деп алдап, Деу-Матиз унаасына салып, жолдо бара жатканда “апамды бакшы, көзү ачык, молдого ысытма, суутма кылып сен майып кылып койгонсуң” деп уруп, сабап денесине жаракат келтирген. Бул факты Кадамжай РИИБинде «бейбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп жазылат маалыматта.