7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Бишкекте президенттик балаты өтөт

801

Бүгүн, 24-декабрда, президент Садыр Жапаров балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган жаңы жылдык балатыга катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылды, анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрү, Ооганстандын Кичи жана Улуу Памириндеги этникалык кыргыздардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчылары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар ж. б.

Жаңы жылдык концерттик, театрлаштырылган программа КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык түйүн баракчаларынын түз эфиринде чагылдырылат.

Иш-чара Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Түз эфир башталышы — 10:55.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

802