«Үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык колдоо көрсөтүү максатында (айына 700 кВт саатка чейинки өлчөмдө керектөөдө) электр энергиясына 1 кВт саат үчүн 50,0 тыйын өлчөмүндө өзүнчө тарифтиерди белгилөө чечими кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чечим президенттин «Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган, анда Министрлер кабинетине 16 жашка чейинки балдары бар «Үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон муктаж жарандарга (айына 700 кВт саатка чейинки өлчөмдө керектөөдө) электр энергиясына кВт саат үчүн 50,0 тыйын өлчөмүндө өзүнчө тарифтиерди белгилөө тапшырылган.
Токтомго ылайык, КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 16 жашка чейинки балдары бар «Үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөкпул алган, аз камсыз болгон муктаж жарандардын тизмеси жана маалыматтары ай сайын жаңыртылып, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине берилип турат.
Энергетика министрлигине 2022-жылдын 1-январынан тартып жогоруда аталган керектөөчүлөр топтору үчүн электр энергиясына тарифтерди белгиленген тартипте бекитүүсү тапшырылды.
Мамлекеттик орган ай сайын, айдын 30уна чейин КРнын облустары жана райондору боюнча иш жүзүндө жашаган, жүргөн дарегин көрсөтүү менен 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмелерин бөлүштүрүүчү компанияларга жиберип туруусу тапшырылды.
Белгилей кетсек, чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон жана расмий жарыяланган күндөн татып күчүнө кирет.