Жайыл районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1985-жылы туулган Д.А., аттуу жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, ушул жылдын июнь айында У.А., аттуу жаран андан 110 миң сом акча карызга алып, ушул күнгө чейин кайтарбай жүргөндүгүн билдирген.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча катталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1975-жылы туулган У.А., аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Териштирүү учурунда шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тураары аныкталган. Учурда тергөө иштери улантылууда.