7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечимин кабыл алды

808

Быйыл Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечимимди кабыл алдым», — деп билдирди Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, Министрлер Кабинетинин жыйналышында.

Мамлекет башчысы жыйында сүйлөп жатып, 2021-жылы Баткен окуялары боюнча теманы козгоду. Ал чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чек аранын юридикалык тариздөөнүн аяктабагандыгы, айрым участкалар боюнча сүйлөшүү процессиндеги татаалдыктар, Кыргызстанга стратегиялык транспорттук инфраструктуранын коңшу өлкөлөрдүн аймактары аркылуу өтүшү — республиканын аймактык бүтүндүгүнө тикелей коркунуч болуп жатканын белгиледи.

«Быйыл биз кыргыз-тажик чек арасында болгон окуялардын кесепетинен жабыркаган Баткен облусун:

  • 3 айдын ичинде калыбына келтирдик.
  • Баткенге биринчи жолу стратегиялык чек катары мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулду.
  • Облуска өзгөчө статус берилди.
  • Өнүктүрүү программасы кабыл алынды. 500 млн сомду жыл сайын бөлүп туруу чечимин кабыл алдык.

Баткен боюнча көп иштерди аткардык», — деди ал.

Мамлекет башчысы өткөн жылы Президенттик шайлоого аттанганда биринчи үгүт иши Раззаковдун жери — Баткенден баштаганын эске салды.

«Быйыл Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечимимди кабыл алдым», — деп сөзүн жыйынтыктады Садыр Жапаров

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

809