7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кагаз сатып берүүнү токтотобуз. Жапаров электрондук документке өтүү талабын койду

902

Бүгүн, 25-декабрда Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жыйналышында электрондук документ айлантууну киргизүүнү тездетүү тапшырмасын берди.

Мамлекет башчысы электрондук документ жүгүртүү тутумуна өтүү жөнүндө документке кол коюуга даяр экенин, бирок Министрлер кабинети бул жаңылыкка даяр эместигин белгиледи.

«Даяр болушуңуздар үчүн мен он беш күн убакыт беремин. Анткени, алдыда жаңы жыл келе жатат, онуна чейин каникул», — деди президент.

Ошондой эле, ал окуулар боюнча президенттин администрациясынын жана санариптик өнүгүү министрлигинин тийиштүү адистерине кайрылууну сунуштады.

Президент белгилегендей, электрондук документ жүгүртүү менен катар эле кагаз менен иштөө тартиби да калат, бирок алты ай аралыгында гана.

«1-июлдан баштап сиздерге кагаз сатып берүүнү токтотобуз. Ошол үчүн июлдун биринен баштап электрондук документке, электрондук кол коюуга өтүшүбүз керек», — деп кошумчалады ал.

Садыр Жапаров акыркы он ай ичинде эле өлкө боюнча 840 миң таңгак кагаз сатылып алынганын, бул миң тоннага жакын экенин билдирди.

«Ошондуктан биз кагаз иштеринен кетишибиз керек», — деди Жапаров. Мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышына да электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү сунуштады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

903