7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Таласка ГЭС куруу үчүн 22,9 млн доллар бөлөт

863

«Чакан ГЭС» ачык акционердик коому Талас облусундагы Киров суу сактагычына «Бала-Саруу» ГЭСин куруу үчүн Кыргыз- орус өнүктүрүү фондунан 22, 9 млн АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо алат. Тийиштүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Бала-Саруу» ГЭС курулуш долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватты түзөн, үч генераторлуу, орточо 92 млн кВт.с өлчөмүндөгү электр энергиясын иштеп чыгаруучу чакан ГЭСти түшүндүрөт. Аталган гидроэлектростанциянын иштөө режими ирригациялык режимге жана Киров суу сактагычынан сууну кое берүүсүнө ылайык жөнгө салынат.

Кыргызстанда узак убакытан бери алгач ирет мамлекеттин катышуусу менен чакан ГЭСтерди куруу башталды десек болот. Ири гидроэнергетикалык объектилер менен катар чакан гидроэнергетиканы бирдей өнүктүрүү республиканын экспорттук потенциалын жогорулатууга жана кургакчыл мезгилде кошумча электр энергиясын өндүрүү менен генерациянын негизги булагы болгон Токтогул ГЭСине көмөкчү болуп берет.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» жаңы чакан гидроэлектр станциясын курууга капсула салган.

Жаңы гидроэлектр станциясынын курулушун Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жана «Улуттук холдинг компаниясы» ААКнын көмөгү менен «Чакан ГЭС» ААК иш жүзүнө ашырмакчы. Жол картасына ылайык, долбоорду 2022-жылдын декабрь айында жыйынтыктоо пландаштырылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

864