7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте унааларды өрттөп жүргөн жаран кармалды

685

Бишкектеги унааларды өрттөп жүргөн деген шек менен 1989-жылы туулган К.Д. аттуу адам кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, 31-январда болжол менен түнкү саат 01:45тер чамасында милицияга Ахунбаев-Абай көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил унаа өрттөнүп жатканы жөнүндө маалымат түшкөн.

Аталган жерге Октябрь РИИБнин тергөө тобу барганда, борбор калаанын тургуну Ахунбаев көчөсүндө токтоп турган «Мерседес Спринтер» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар өрттөп салышканын айткан.

Белгилей кетсек, ошол эле түнү Бишкектин ар кайсы көчөлөрүндө дагы 6 унаа өрттөлгөн.

Бул фактылар Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренеси (башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Милиция кармалган адамдын башка кылмыштарга да катышы бар деп белгилейт. Бул бул багытта ушул тапта тергөө жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

686