Ошто каракчылык жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Ал мурда адам өлтүрүү жана баӊгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн соттолгон. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык,ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турган Өзгөн районунун 1982-жылы туулган Ч.Т аттуу жараны Ош шаарынын аймагында көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашырынып жаткан жеринен кармалды. Ч.Т өзүнүн кылмыштуу шериктештери болгон 1993-жылы туулган К.Н. жана 1996-жылы туулган С. уулу Б. менен биргеликте Ош шаарында жашаган 1984-жылы туулган М.А. аттуу аялды, жашап турган үйүнө кирип бара жатканда, аркасынан кирип барышып, эки колун жана оозун скотч менен байлашып, сумкасындагы 5000 АКШ долларын тартып алышып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү К.Н. жана С.уулу Б. изи сууй электе кармалышып, негизги уюштуруучусу Ч.Т. издөөдө болгон.
Бул факты боюнча топтолгон материалдар Жазык Кодексинин 202-беренесинин 3-б 3-п (каракчылык) (эски кодекс) каралган кылмыштын белгилери менен Ош ШИИБне катталган.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кимде-ким бул жарандан жабыр тарткан болсо 03222-4-82-82 телефон аркылуу байланышып коюну суранат.