7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тогуз-Тородо ысырапкерчиликке бөгөт коюу иштери уланууда

769

Жалал-Абад ШИИБдин начальниги Алмазбек Кубатбеков Курманбек аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушууда жарлыктын аткарылышына кайдыгер карабастан, ыксыз чыгымдарды азайтуу керектиги белгиленди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми Тогуз-Торо РИИБдин начальниги Талантбек Сабырканов баштаган топ Дөдөмөл жана Кош-Булак айылдарына барышып, жарлыктын негизинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Анда бири-бирине атаандашпай, элибиз биримдикте болуп, кереги жок адаттардан арылуу зарылдыгы айтылды.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунда жүргүзүлүп жаткан түшүндүрүү иштерин жергиликтүү тургундар колдоп жатканыдыгы айтылат.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

770