7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен ОИИБдин жетекчисинин орун басары көз жумду

1357

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары Аскарали Мухамадиев 47 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Аскарали Мухамадиев 1974-жылы 20-апрель күнү Баткен районунун Достук айылында төрөлгөн. Ал Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына 26 жашында 2000-жылы кабыл алынып, үзүрлүү эмгектенип келген.

Аскарали Мухамадиев Кыргыз Республикасынын президентинин, Кыргыз Республикасынын ИИМинин сыйлыктары менен сыйланган.

7-каналдын жамааты Аскарали Жунусовичтин бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1358