7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров эл каттоого катышты

705

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров калкты жана турак жай фондун жалпы республикалык каттоого катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин башчысы каттоочунун суроолоруна жооп берип, ал атайы мобилдик тиркеме аркылуу толтурулду. Акылбек Жапаров жарандарды эл каттоого активдүү катышууга чакырып, бул кампаниянын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Белгилесек, калкты жана турак жай фондун каттоо ушул жылдын 25-мартында башталып, 3-апрелге чейин созулат. Республиканын алыскы райондорунда каттоо 23-апрелден 2-майына чейин өтөт.

Кампания мобилдик тиркемени пайдалануу аркылуу электрондук форматта алгач ирет өтүүдө, каттоочулар ишинде планшеттерди, же мобилдик телефондорду пайдаланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

706