7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тарых музейи менен Улуттук көркөм өнөр музейинин иштөө убактысы өзгөртүлдү

1394

Туристтердин жана кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн Кыргыз Улуттук тарых музейи жана Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейинин иштөө убактысы жылдырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Улуттук тарых музейи күнүгө саат 10: 00дөн 20:00гө чейин, ал эми Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейи жуманын бейшемби күнү саат 11:00дөн 20:00чейин, калган күндөрү саат 11дөн 19:00чейин иш алып барат.

Ал эми буга чейин бекитилген графикке ылайык, бардык музейлер үчүн дүйшөмбү күн дем алыш катары сакталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1395