7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Базардан адамды күч менен унаага салып кетишкен. Бишкекте адам уурдоого шектүүлөрдүн бири кармалды

780

Буга чейин Бишкектеги базарлардын биринде ак түстөгү унаа менен үч белгисиз адам азиат улутундагы адамдын денесине залал келтирип, күч менен унаага салып белгисиз жакка алып кетишкен видео социалдык тармактарда тараган.

Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 165-бөлүмүнүн 2-беренеси (адам уурдоо) менен  кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иштердин негизинде аталган кылмышка шектүүлөрдүн бири Жалал-Абад облусунда 1985-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон С.А. аттуу жаран кармалган. Шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

781