7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ыкчам штаб коронавируска каршы чараларды жеңилдетүү жөнүндө кезектеги чечимдерди кабыл алды

843

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 28-апрелде Кыргызстандын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-апрелге карата республикадагы коронавирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык абал жана республиканын калкын коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн жүрүшү тууралуу баяндамалар угулду.

Мындан тышкары, жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча маалымат угулуп жана талкууланган сон, ыкчам штаб Саламаттык сактоо министрлигине кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте 2022-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу транспорттун бардык түрү менен өткөн Кыргызстандын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар үчүн коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө сертификатын, же терс ПЧР тестин милдеттүү түрдө талап кылууну жокко чыгарууну тапшырды.

Ошондой эле президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте калктын аялуу катмарына басым жасоо менен эмдөөгө камтууну кеңейтүү жана анын темпин жогорулатуу аркылуу калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөө өнөктүгүн улантуу тапшырылды.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынына өкмөттүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б буйругун (өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө) күчүн жоготту деп таанууну караган чечимдин долбоору киргизилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

844