7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Айтматовдун “Кызыл алма” чыгармасынын негизинде тартылган дубал сүрөтү пайда болду

981

Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун атактуу “Кызыл алма” чыгармасындагы каармандары, кыргыз киносунун белгилүү актёрлору Сүймөнкул Чокморовдун жана  Таттыбүбү Турсунбаеванын элеси түшүрүлгөн мурал пайда болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Чүй проспектиси, 124  дареги жана Панфилов көчөсү менен кесилишкен даректеги имараттын капталын Джубили Кыргызстан камсыздандыруу компаниясынын («Jubilee Kyrgyzstan Insurance Company» ЖАК) тапшырыгы жана демилгеси менен стрит-арт сүрөтчүлөрү кооздоду.

Бул мурал имараттардын фасаддарын жаңылоонун алкагында орнотулуп, компаниянын 25 жылдыгына карата шаарга белек болуп саналат.

Муралды тартуу иштери бир жуманын ичинде бүтөт»,-деп берилет билдирүүдө.

Белгилей кетсек, сүрөттү тартуу Биринчи май райондук администрациясы жана «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси менен макулдашылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

982