7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук органынын жаңы имаратынын ачылышына катышты

782

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-майда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы чогулгандардын алдында сүйлөгөн сөзүндө жаңы заманбап имаратты ачуунун маанилүүлүгүн белгилеп, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткаруусу үчүн зарыл шарттар түзүлүп жатканын баса белгиледи.

Садыр Жапаров мамлекеттин коопсуздугу баарынан жогору турган, жалпыга белгилүү чындык экендигин айтты.

Президент мындай заманбап имараттардын ачылышы менен алардын ишинин эффективдүүлүгү жана ыкчамдыгы жогорулайт деп ишенет.

Мамлекет башчысы бул имаратта иштеген ар бир кызматкер Кыргызстандын стабилдүүлүгү жана өнүгүүсү үчүн маанилүү, жооптуу иштерди аткарууга шыктанаарына үмүт артарын  билдирди.

«Улуттук коопсуздукту камсыздоо тутуму өлкө кызыкчылыктарын толук кандуу коргоо, ошондой эле ички жана тышкы коркунучтарга каршы натыйжалуу сокку берүү үчүн жетиштүү күчтөргө жана каражаттарга ээ болушу керек. Бул үчүн атайын ресурстар бөлүнүп жатат. Бирок алардын көлөмү экономиканын реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен аныкталат», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы андан ары имаратты, иш бөлмөлөрдү көрүп чыгып, улуттук коопсуздук кызматынын жаңы имаратынын аймагына көчөт отургузду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

783