7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тез жардам унааларын сатып алууга 169,3 млн сом бөлүндү

698

Тез жардам унааларын сатып алууга 2022-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын эсебинен 169,3 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Кабыл алынган чечимге ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тез жардам унааларын сатып алууга 169 347 500 (бир жүз алтымыш тогуз миллион үч жүз кырк жети миң беш жүз) сом акча каражатын бөлүп берсин;

Бул бюджеттик каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык бөлүнгөн.

Мындай чечим Кыргызстандын Бюджеттик кодексинин 106, 115-беренелерине ылайык кабыл алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

699