7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто Улуу Жибек Жолунун кербени орнотулду (фото)

632

Ош шаарындагы улуттук драма театрынын айланасындагы аянтчага 19 төө, кербенчи, тайгандар жана жылкылардан турган кербен орнотулду. Маалыматты Ош мэриясы тастыктады.
Кербен туризмди өнүктүрүү, Улуу Жибек Жолунун брендин жайылтуу боюнча шаардык программага ылайык калаа тургундары жана коноктору көп келүүчү жайга коюлду.

Ош шаарын туристтик чөлкөмгө айлантуу жараянына ылайык, кербен Улуу Жибек Жолунун провайдери катары шаардын негизги туристтик объектилеринин бири болот.

Бул инсталляциялар көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан орнотулду. Алдыда аймакты оңдоп-түзөө, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

633