Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ ооруканада көз жумду. Бул туурасында дүйнөлүк басылмалар жазды.
Бүгүн саат 11:30 чамасында Синдзо Абэ Нара шаарында элдин алдында сөз сүйлөп жатканда белгисиз бирөө ага эки ирет ок чыгарган. Экс-премьер-министр эсин жоготуп, ооруканага жаткырылган. Ок далысына тийгени, абалы оор экени айтылган болчу.
Буга чейин кол салууга байланыштуу кризистик штаб түзүлгөнү жана полиция кылмышка шектүү 41 жаштагы жаранды кармаганы маалымдалган.
Синдзо Абэ 67 жашта болчу. Ал 2020-жылы премьерлик кызматтан кеткен, бирок ал Япониянын Либералдык-демократиялык партиясында таасирдүү фигура бойдон калган.