7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги №61 мектептин директору ата-энелерден мыйзамсыз акча каражатын алып келген (видео)

755

Бишкектеги физика-математикалык №61 мектеп-лицейинин директору Юрий Низовский коррупцияга шектелип кечээ, 9- авгут кечинде кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Низовский тарабынан түзүлгөн туруктуу коррупциялык схема аныкталган. Ал окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча каражаттарын алып келген. Тактап айтканда, аталган мектептин 1-классына кабыл алынуусу үчүн бир канча ирээт акча алган факты далилденген.

Ал мүлктөрүн жакын туугандарынын жана ишенимдүү адамдарынын атына каттатып келген. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө анын өзүнүн жана туугандарынын атына катталган 150 млн сомдук 35 мүлкү аныкталган. Ошондой эле анын жашаган батирине, жумуш ордуна жана дачасына тинтүү жүргүзүлүп, чет өлкө валютасындагы өзгөчө чоң суммадагы акчалар табылган.

1991-жылдан бери директор болуп иштеп келе жаткан Низовский Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

756