УКМК сүт азыктарын чыгарган «Үмүт жана Ко» ЖЧКсынын жана Токмоктогу «Гаваи» эс алуу жайынын ээси А.Ж.Т аттуу жаран мыйзамсыз ок атуучу куралдарды ок-дарыларды жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, анын үйүн жана иштеген жерин тинтүүдө “БРДМ-2” үлгүсүндөгү аскер техникасы, танканын үстүнө орнотулган “Калашников” үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат алынган. Атайын кызмат тараткан кабарда, кармалган жаран “такай аскер формасын үстүнөн түшүрбөй кийип жүрөрү, агрессияга жакын экени” белгиленген.
Ишкердин үйүнөн табылган курал-жарактын тизмеси:
— «БРДМ-2» үлгүсүндөгү брондолгон атайын техника;
— аскердик унаага орнотулуучу «Калашников» автоматы;
— «КПВТ» жасалма тулку;
— №93882625 «АКСУ» автоматы;
-«Сайга» маркасындагы мылтык, №20890019, 7 даана бош магазин;
-«Вепрь» автоматы, №НИ9595 12 бош магазин;
— Сайга 12К» үлгүсүндөгү мылтык, №А09486574, 2 бош магазин;
-4,5 калибирлүү «Hatsan» пневатикалык курал;
-12 калибирлүү мылтык;
-№1276 ТО6458 номерлүү «Вепрь» автоматы, 2 бош магазини менен;
— «Тигр» үлгүсүндөгү ЛО7501281 номерлүү мылтык;
-«Fabarm» үлгүсүндөгү курал;
— Ф-1 жардыруучу зат,
— «форд» 17Р сериядагы траваматикалык пистолети,
— «Sony» үлгүсүндөгү планшет, «НР» үлгүлүү ноутбук;
-7, 62 калибрлүү картридждер- 196 даана;
-5, 45 калибрлүү картридждер- 423 даана;
— травматикалык курал үчүн 45 калибрлүү картридждер- 59;
— 5, 45 калибрлүү картридждер (бош) -21 даана;
— 12 калибрлүү картридждер- 120;
— 12 калибирлүү автоматтын 2 магазини;
— бош 12 калибрлүү корпустары менен;
— 12 калибирлүү 91 картридждер;
— 9мм калибрлүү картридждер 150 даана;
—картридждер менен цинк: 7,62х54 – 3 даана, 9 мм- 12 даана, 9х19- 7 каропка 1120даана;
-3 таңгак бөлчөк;
—эки металл ок өтпөс жилет;
— курал пастасы 1 даана;
—кызматтык курал үчүн кабык 1;
— хакки түстүү аскердик маска;
— камуфляж 2 даана;
— ок өтпөс жилет 1 даана, камуфляж костьюму ;
-өрт өчүргүч 2 даана;
— каска 1;
— карсет 1;
— «GloFeng» үлгүсүндөгү рация 1 даана.
Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгүндө (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) каралган кылмыштын негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кылмышка шектүү катары кармалган жарандын үстүнөн тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Тиешелүү экспертизалар дайындалып кармалган «А.Ж.Т.» Иликтөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тешелүү бөлүмүнө тапшырылган.
.