Түркияда өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында салттуу жаа атуу спорту боюнча курама команда 3 медаль жеңди.
Жекелик беттеште кыздар арасында Асел Садырова 3-орунду ээледи.
Ошондой эле, Ынтымак Мурадил уулу, Шарабидин Сапаралиев, Бакыт Токтоматов командалык эсепте эркектер арасында 1-орунду ээлешти.
Ал эми, Асел Садырова, Назгүл Шапиева жана Седеп Төрөгелдиева кыздар арасында командалык жарышта коло байгенин ээлери болушту.
Белгилей кетсек, бүгүн 1-октябрь ат үстүндө жаа атуу спорту боюнча мелдештин жыйынтыктары белгилүү болот.